Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы
билим беруу мектеби



Ысык- Көл районуна караштуу Чоң Өрүктү айылындагы орто мектеп 1932- жылы негизделген. Алгач 4 жылдык мектеп болуп түптөлгөн. Мектеп имараты алгач 1932- жылы жыгачтан, андан соң кирпичтен тургузулган. Мектеп Чоң Өрүктү  орто мектеби болуп аталып жүрүп, 1992-1993 окуу жылында кыргыз элинин алгачкы комиссары болгон Акун Мыктыбек уулунун наамы берилген. Бүгүнкү күндө Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби болуп аталат. Мектептин негизги корпусу 2007 - жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Башталгыч мектептин окуу корпусу 2012-жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Мектепте  471 окуучу билим алат. 39 мугалим окуучуларга татыктуу билим берүүдө