институтционалдык аккредитация

ӨЗҮН - ӨЗҮ БААЛОО

Акун Мыктыбек уулу атындагы Чоң-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектеби.

ИНСТИТУЦИОНАЛДЫК

АККРЕДИТАЦИЯЛОО

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министри

А.Б.Бейшеналиевге

Ысык-Көл областына караштуу,

Ысык-Көл районунун,

Акун Мыктыбек уулу атындагы

Чоң-Өрүктү жалпы орто билим

берүү мектебинин директору

К.Ш.Сулаймановадан

Арыз

Ысык-Көл областына караштуу, Ысык-Көл районунун, Акун Мыктыбек уулу атындагы Чоң-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектеби институционалдык аккредитациядан өткөрүүнү суранат.

Уюштуруучулук-укуктук формасы: Мекеме

Менчик туру: Муниципиалдык

Юридикалык дареги:Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району,Чоң-Өрүктү айылы Бакыт Алмабеков көчөсү №33

Жайгашкан жери: Ысык-Көл областы, Ысык-Көл району, Чоң-Өрүктү айылы , Бакыт Алмабеков көчөсү №33

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН): 00810200310245

Юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) датасы: 08.10.2003-ж

Билим берүү жетекчисинин телефон номери: 0708476313

Билим беруу уюмунун электрондук дареги (почтасы):chonoruktyakunmyktybek@gmail.com

Тиркелет; өзүн-өзү баалоо боюнча отчет

2021-жыл 4-март

М.О. ______________ К.Ш.Сулайманова

(кол тамгасы)

Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы билим берүү мектебинин өздүк анализи

1. Киришүү

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби тууралуу маалымат :

Билим берүү уюмунун аталышы: Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби.

Дареги:Ысык-Көл облусунун Ысык -Көл районундагы Чоң-Өрүктү айылы, Бакыт Алмабеков көчөсү № 33.

Менчик Формасы: Муниципиалдык

Билим берүү уюмунун статусу: Жалпы орто билим берүү мектеби.

ИНН : 00810200310245

ОКПО: 20957059

Мектептин имараты: 1-корпус 2007-ж , 2- корпус 2011-жылы ишке берилген.

Чоң-Өрүктү айылындагы орто мектеп 1924-жылы уюшулган. Мамлекет тарабынан 1989-жылы 350 орундуу жаңы мектеп курулуп баштап, эки этаждын имараты курулуп калган кезде Союз тарап, мектептин имараты токтоп калган. Жаңы мектептин курулушу 18 жылдан ашуун каралбай 2007-жылы 1 этаждуу имарат менен ишке берилген. Окуу класстарынын жетишпегендигине байланыштуу мектептин актовый залынын курулушун өзгөртүү менен башталгыч класстардын окуучуларына ылайыкталып 2-окуу корпусу 2011-жылы областык өнүгүү фондунун каржылоосу менен бүткөрүлүп ишке берилген.

Мектептин негизги окуп жаткан имаратында 5-11-класстар , 2-корпусунда 1-4-класстын окуучулары окуп билим алышат. Жалпы 19 класстык бөлмө , мугалимдердин бөлмөсү, ынгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун бөлмөсү, окуу-тарбия иштеринин башчысынын бөлмөсү , класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусунун жана соц педагогдун бөлмөсү, китепкана, ашкана, спорт зал, спорттук аянтча бар.

Акун Мыктыбек уулу атындагы Чоң-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектеби Кыргыз Республикасынын 2010- жылдын 2- мартында бекитилген Билим берүү жөнүндөгү жалпы жоболорунун негизинде жана 2003-жылы бекитилген мектептин Уставына ылайык иш алып барат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш алып баруу менен Акун Мыктыбек уулу атындагы Чоң-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектеби билим сапатын камсыздоо максатында мектептин миссиясын жана максаттарын иштеп чыккан.

Мектептин миссиясы 2019-жылдын 28- августунда №1 Педагогикалык кеңешмеде бекитилген:

Мектептин миссиясы: “Окуучу окутуу процессинин борборунда болуп, окуучу менен кайтарым байланышты жогорулатып, мектеп, ата-энелер жергиликтүү коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта гумандуу, алдын ала ой жүгүртүүчү, сабаттуу, жоопкерчиликти сезе билген кыргыз элинин маданиятын, үрп адатын, каада салтын урматтай турган инсанды тарбиялоо”

Мектептин максаты: “ Ар бир окуучунун табигый мүмкүнчүлүктөрүн, шыгын жөндөмүн аныктоо жана билим берүүдө прогрессивдүү технологияларды пайдалануу менен окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу“

Өзүн өзү баалоо боюнча отчет

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Акун Мыктыбек уулу атындагы Чон-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектеби

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

Ысык- Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Акун Мыктыбек уулу атындагы Чон-Өрүктү жалпы орто билим бepүү мектебинин «Негизги жана орто жалпы программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун тартиби» жөнүндө Жобого ылайык аккредитациялануучу билим беpүү уюмдарына карата коюлуучу минималдык талаптарына, көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын мамлекеттик билим беpүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча өзүн-өзү баалоосунун маалымдамасы:

Киришүү

Чон-Өрүктү айылындагы Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби тууралуу жалпы маалымат:

Чон_Өрүктү айылындагы орто мектеп 1924-жылы уюшулган. Мамлекет тарабынан 1989-жылы 350 орундуу жаны мектептин курулушу башталып, эки этаждын имараты курулуп калган кезде Союз тарап, мектептин имараты токтоп калган. Жаны мектептин курулушу 18 жылдан ашуун убакыт каралбай 2007-жылы 1 этаждуу имарат менен ишке берилген. Окуу класстарынын жетишпегендигине байланыштуу мектептин актовый залынын курулушун өзгөртүү менен башталгыч класстардын окуу корпусу 2011-жылы областтык өнүгүү фондунун каржылоосу менен курулуп ишке берилген. Мектептин окуп жаткан имаратында 19 класстык бөлмө, мугалимдердин бөлмөсү , ынгайлаштырылган компьютердик бөлмө, директордун , окуу-тарбия иштеринин башчысынын жана алдын алуу бөлмөлөрү, спорт зал, китепкана , ашкана , спорттук аянтча бар.

Мектептин жетекчиси Сулайманова Кайыркул Шакировна

Мектеп коллективинде 36 мугалим эмгектенет

Мектепте жалпы 516 окуучу билим алат.

Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин педагогикалык жамааты мектептин окуу процессин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”,“Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук актыларынын, Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнүн жана мектептин Уставынын негизинде иш жүргүзүлүп келет.