ОКУУ ПЛАНЫНА БОЛГОН ТҮШҮНҮК КАТ
Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасы
Кыргыз эли кылымдар бою өз алдынча маданиятка ээ болгон, аны сактаган жана көптөгөн муундардын маданий мурасын өнүктүргөн. Элдин рухий маданияты тамыры тарыхтын тереңине кеткен оозеки элдик чыгармачылыкта ишке ашырылган. Тарыхый -педагогикалык илимдердин системасында педагогиканы этнография жана фольклористика менен байланыштыруучу аймак түзүлгөн. Бул элдик педагогика. Элдик педагогика – деп элдин жашоо тиричилигиндеги (тартибинде сакталган, оозеки элдик чыгармачылыкта, салт санааларда, үрп – адаттарда, балдар оюндарында ж.б.) чагылдырылган педагогикалык маалыматтардын (билимдердин) жана тарбия берүү тажрыйбаларынын жыйындысын түшүнүүгө болот. Элдик педагогика элдин миңдеген жылдык тажрыйбасында иштелип чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин турмуш- тиричилигинде колдонулуп жаткан педагогиканын маданиятын изилдейт.
Этнопедагогика кыйла кеңири түшүнүк. Ал белгилүү этникалык жалпылыктагы педагогиканы изилдейт. Этнопедагогиканын предмети болуп уруктун, уруунун, элдин жана улуттун педагогикалык маданияты эсептелет. Ар бир эл өзүнүн тарыхый өнүгүү жолунда тарбия берүү ыкмаларын иштеп чыккан. Тарбия берүү тармагында элдик тажрыйба педагогикалык билимдердин түзүлүшүндө татыктуу орун ээлеген.
Педагогикадагы демократия жана гумандуулук
Бул багытта олуттуу ийгиликтер менен катар, кечиктирбей чечүүнү талап кылган кемчиликтер да бар, алсак, 1996 – 97 – окуу жылында 16,5 миң окуучу мектепке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Бирок кырдаалга ылайык мамлекет тарабынан бир топ конкреттүү чаралар көрүлгөн. Атап айтсак, «Аракет», «Жеткинчек» программаларынын алкагында калктын жарды катмарынын балдарын окууга тартуу үчүн даректүү материалдык колдоолор көрсөтүлгөн. Бул иш- чаралардын негизинде мектепке баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдардын саны 1997 – жылы 8588, ал эми 1998 – жылы 5074, 2000 – жылы 4261ге чейин кыскарган. Өлкөнүн эгемендүүлүккө жетишүүсү, демократия жана гумандуулук принциптерине ыктоосу билим берүүнүн мазмунун ага шайкеш келтирүү талабын шарттады. Ушуга байланыштуу билим берүүнүн мамлекеттик концепциялары, стандарттары иштелип чыкты. Мында негизги көңүл билимдин мурдагы мазмунун түп тамырынан бери өзгөртүүгө же таанууга эмес, аны учурдун талабына шайкеш келгендей жаңылоого бурулду. Бирок мектептер үчүн вариативдүү окуу планын жана программаларын иштеп чыгып, ишке кийирүү жаатында жасай турган иштер али алдыда.
Педагогикадагы программалар
Кыргыз республикасынын азыркы билим берүү системасы көп баскычтуу жана төмөнкүдөй үч түрдүү билим программаларынан турат: Мектепке чейинки мекемелердин атайын билим берүү программалары; инсандын жалпы маданиятын, интеллектин өстүрүүгө, кесипке ээ болууга жана квалификация алууга негиз түзүүчү жалпы билим берүүчү программалар; квалификациялуу адистерди даярдоону жана кесиптик деңгээлин ырааттуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу кесиптик билим берүү программалары.Булардын башкы максаттары - балдардын ден соолугун, саламатчылыгын коргоо, бекемдөө, чыңдоо; эмгекке тарбиялоо, эстетикалык табитин өстүрүү, тилдик-коммуникативдик, этикалык маданиятка үйрөтүү; жаратылышты, ата-мекенди сүйүү сезимин калыптандыруу; окуу ишине болгон кызыгуусун калыптандыруу.