ОРТО ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ (10-11 класстар)

10-11 класстары үчүн Жаран таануу окуу программасына түшүндүрмө

9-11-класстарында интеграциялык окуу предмети катары базалык жана профилдик деңгээлдерде үзгүлтүксүз окутулуп өздөштүрүлөт. Адам жана коом (Жаран таануу) курсу окутула турган жалпы билим берүү баскычтары: II, III баскычтар. 2. Адам жана коом (Жаран таануу) курсу боюнча окуу предметтеринин жана окуу китептеринин аталыштары: 9-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана укук; 10-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана мыйзам; 11-класс үчүн - Адам жана коом (Жаран таануу): адам жана коом. Биз 9-11-класстар үчүн Программалардын мазмунунда коомдук түзүлүштөгү адам укуктарын жана эркиндиктерин, укук маданиятынын негиздерин, XXI кылымдын глобалдуу дүйнөсүнүн табиятындагы жаңылыкты түшүнүүгө, глобалдаштыруунун - элдердин жана улуттардын, мамлекеттер менен цивилизациялардын ыкчамдык менен жакындашууларынын, алардын бирдиктүү бир бүтүн (көптөгөн карама-каршылыктардын жана жаңжалдардын натыйжасында ажырымдар болуп жатканына карабастан) адамзатка айлануусунун негизги багыттарын жана жолдорун аныктоо.

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин 10-11 класстары үчүн жашоо-тиричилик коопсуздугунун

негиздери сабагынын окуу программасына түшүндүрмө

Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө» жобосуна ылайык, калкты өзгөчө кырдаалдарга даярдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Вице премьер-министринин № 21-4382 2011-жылдын 16-мартындагы тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин 1-9-класстары үчүн «Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери» курсунун жалпы билим берүүчү программасы даярдалды.

Сунуш кылынган жалпы билим берүүчү программанын негизи Россия Федерациясынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуу программасындагы «Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери» билим берүү программасынан алынды. Аталган программа республиканын жалпы билим берүүчү мекемелери үчүн курстун базалык маңызын аныктаган үлгү болуп саналат.

«Жашоо-тиричилик коопсуздутунун негиздери» жаңы курсун окутуу окуучунун аң-сезим жана жоолкерчилик менен жеке коопсуздугуна мамиле жасоого жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн коопсуздугун, алардын жашоосуна коркунуч туудурган, кооптуу шарттарда өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга болгон жөндөмдүүлүгүн, жабырлануучуга жардам көрсөтүүнү калыптандырууга багытталган. Аталган курсту окутуу процессинде окуучулар калкты өзгөчө кырдааядар учурунда коргоонун улуттук системасын уюштуруу, Жарамдык коргонуу боюнча тажрыйба алуу, өзүнө жана жанындагыларга жардам көрсөтүү, сергек жашоо образы менен таанышат.

Бул жалпы билим берүүчү программаны ишке ашыруу окуучунун кооптуу жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турумун, өзүн-өзү жана айлана-чөйрөсүндөгүлөрдү коргоого болгон психологиялык туруктуулугун калыптандырууну камсыз кылат.

Жалпы билим берүүчү курстун программасы мазмуну жагынан адамды кооптуу, зыяндуу факторлордон жана өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун теориялык жана практикалык билим берүүчү өз ара байланышкан эки бөлүктү камтыйт.