ҮЙДӨН ОКУТУУ

Бүткүл өлкө колдоп кол койгон баланын укугу боюнча Конвенцияда айтылгандай- бардык балдар окуп билим алганга акылуу. ошондой эле бардык балдар дене-боюна , акыл-эсине, социалдык,эмоционалдык, тилдик же башка өзгөчөлүгүнө, ал-абалына карабастан окуй алышат.

Инклюзивдик окутуу кадимки класстарда, мектептерде мүмкүнчүлүгүнө жараша бир курактагы баардык балдардын билим берүү процессине толук кандуу катышуусун билдирет.Балага багытталган класстардын педагогдору үчүн ар бир адам кайталангыс дүйно жана коомдун өнүгүшүно ар бири өзүнүн баа жеткис салымын кошо алат деген терең ишеним жашайт. Чыныгы демократияда бардык жарандар коомдук турмушка бирдей аралашып, өз укугун бирдей билдиргенге укуктуу.

балдар таанып- билүүчүлүк жана социалдык жагдайда үз курбулары менен бирге окуганда тез өнүгүп-өсүшөт.Башталгыч мектептин класстарындагы инклюзивдик топтордо түрдүү адамдардын потенциалынын диапозону жөнүндө элес пайда болуп,алар балдардын дүйнөгө болгон кабылдоосун жана түшүнүгүн арттырат.

Башталгыч мектептеги инклюзивдик топторду түзүүнүн негизинде төмөнкү принциптер жатат:

  • Ар бир бала үчүн балдар мекемелеринде окутууну жана тарбиялоону индивидуалдаштыруу

  • натыйжалуу окутууга көмөк көрсөткөн окутуунун ыкмалары жана методдрун жакшылап тандоого мүмкүнчүлүк берүү.

  • балдарды жакшы окууга үндөө.

  • үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз ара карым-катышын чындоо жана алардын баласынын окуусуна түздөн-түз катышуусуна көмөк көрсөтүү.

Инклюзивдик мектептердеги окутуу өзгөчө муктаждыктагы балдарга типтүү өнүгүүдөгү балдардын жүрүм-турумун байкоо жана тууроо мүмкүнчүлүгүн жана алар менен өз ара кызматташууну берет.

окуу программасын ынгайлаштыруу

Окутууда тосколдуктарды жоюу жана окуу процессине балдарды катыштыруу үчүн окуу программаларын муктаждыктары бар балдарга багыттоо керек .булөчүн төмөнкүлөр талап кылынат.

  • мектеп программасынын окутуучулук мазмунунун денгээлин тандап алуу.

  • окуучулар бере турган конкреттүү жыйынтыктарды аныктоо.

  • окутуу процессинде пайдаланыла турган жабдууларды жана окуу куралдарын аныктоо .

  • окутуунун жыйынтыктарын баалоо үчүн колдонулган ыкмалар.

  • Үй-бүлөлөрдү жана коомдоштуктарды тартуу жана алар менен иш алып баруу.

Атайын муктаждыктары бар балдар үчүн мектеп программаларын ынгайлаштырууда төмөнкүлөрдү аткаруу максатка ылайыктуу.

  1. Окуудагы кыйынчылыктарды жана окуучунун мектептин жашоосуна катышуусун толук айтып берүү. Бул маселени ата-эне менен талкулоо.Жардам сурап кайрылуу үчүн адис табуу.

  2. Класста же мектеп ичиндеги өзгөрүүлөр.

  3. Окутуу ыкмага киргизе турган өзгөрүүлөр.

  4. Баланын мектептин башка иш чараларына катышуу мүмкүнчүлүгү.

  5. Баланын шыгына дал келе тургандай кылып мектептин ар бир сабагына анын мазмунунун денгээлинекандай түзөөтүүлөрдүү киргизүү.

  6. Балдарды окутууну баалоо ыкманы өзгөртүү.

атайын муктаждыктагы балдар менен иштөөдөгү 9 эреже

  • бардык балдарды шыктандыруу.

  • баарлашуу

  • классты жайгаштыруу

  • сабактарды пландоо сабактарды айрым балдар үчүн пландоо.

  • Индивидуалдуу жардам көрсөтүү.

  • Көмөкчү каражаттарды , куралдарды пайдалануу.

  • балдардын жүрүм-турумун башкаруу.

  • Чогуу иштөөгө умтулуу.