МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы

билим беруу мектеби

Ысык- Көл районуна караштуу Чоң Өрүктү айылындагы орто мектеп 1932- жылы негизделген. Алгач 4 жылдык мектеп болуп түптөлгөн. Мектеп имараты алгач 1932- жылы жыгачтан, андан соң кирпичтен тургузулган. Мектеп Чоң Өрүктү орто мектеби болуп аталып жүрүп, 1992-1993 окуу жылында кыргыз элинин алгачкы комиссары болгон Акун Мыктыбек уулунун наамы берилген. Бүгүнкү күндө Акун Мыктыбек уулу атындагы жалпы орто билим берүү мектеби болуп аталат. Мектептин негизги корпусу 2007 - жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Башталгыч мектептин окуу корпусу 2012-жылы бүткөрүлүп ишке берилген. Мектепте 471 окуучу билим алат. 39 мугалим окуучуларга татыктуу билим берүүдө

Акун Мыктыбек уулу 1905- жылы Чоң_ Өрүктү айылында туулган. Үркүндө томолой жетим калып караколдогу балдар үйүндө чоңоёт. Зээндүү окучулардын алдыңкысы болуп 1924- жылы комсомолго алынат 1925- жылы Ташкент шаарындагы САКУдан билим алат.

1929- жылы ВКП (б)нын Борбордук Комитетинин Орто Азия боюнча бюросунун буйругу менен Кыргызстан Обком партиясынын карамагына иштегенге жиберилет. Ал жерден партия Республиканын Эл агартуу коммиссариатынын окуу методикалык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. Бул кызматта 1931- жылга чейин үзүрлүү эмгектенет.

1931- жылы алгачкы түзүлгөн Педагогикалык техникумдун директору болуп дайындалат. Ал 1933- жылы Москвада өткон Бүткүл союздук мугалимдер слетунда Н.К Крупская менен жолугуп, эл агартуу маселеси боюнча ангемелешкен.

Жаштарга билим берүүдө окуу системасын боюнча Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстановдор менен бирге мектееп окуучуларынын окуу китептерин жана программаларын түзүүгө катышат.

1937- жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин

маданий- агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.

Маданий -агартуу иштерине жан дили менен берилип иштеп турган учурунда репрессияга туш келип "эл душманы катары" камакка алынат.

1947- жылы акталып өз элине кайтып келет.

Акун Мыктыбек уулунун басып өткөн жолу кийинки жаш муундарга

үлгү болуп кала берет.

Акун Мыктыбек уулунун 2 уул, 7 кыз ына татыктуу тарбия берип өстүргөн. 1952-жылдан 1968 - жылга чейин Өрүктү совхозунда кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп пенсияга чыккан.